Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Кечээ, 31-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мэрия тарбынан 2021-жылы аткарылган жумуштардын отчётун берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жыйынга шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Жалал-Абад шаарында жергиликтүү жана республикалык бюджеттен аткарылган курулуштар, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер видео отчёт түрүндө көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталганы 2021-жылга 531 млн 248 миң сом болгон болсо, аткарылганы 549 млн 90 миң сомду түзгөн.
Пикир
Оставить комментарий