Жалал-Абад шаардык мэриясында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрүн шаар мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, туура кесип тандоо зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийликтин аткаруучу жумуштары менен тааныштырды.

Андан соң бүтүрүүчүлөр калаа мэрине бир катар кызыктырган суроолорду узатып, жоопторду алышты. Бүтүрүүчүлөр Жалал-Абад шаарында жаштардын өнүгүүсүн шарттаган ири долбоорлорду ишке ашыруу сунуштарын көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий