• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Аймак 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин бамса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматына Руслан Алтымышев которулду. Нуртилек Орозбаев шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып, мандат алуу алдында тургандыгына байланыштуу кызматын өз каалоосу менен тапшырды.

Ага ылайык мэриянын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп 41 жаштагы Гүлбарчын Таштанбекова дайындалды. Ал буга чейин бир катар банктарда юрист болуп эмгектенген.

Эскерте кетсек, Руслан Алтымышев 2017-жылдын декабрынан бери социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп турган.

Пикир

Оставить комментарий