• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык мэриясында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаардык мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Анда 2023-жыл ичинде социалдык, экономикалык, курулуш жана коммуналдык тармактагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле жарлык-буйруктардын аткарылышы боюнча да отчеттор берилди.

Ар бир тармак боюнча мэрдин орун басарлары баяндама жасап, аткарылган жумуштарда жетишкендиктер, кемчилдиктер боюнча токтотулушту.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков 2023-жыл Жалал-Абад шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгонун баса белгилеп, 2024-жылы да бардык кызматкерлерди жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу менен ак кызмат кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий