• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун шаары мэри Эрнисбек Ормоков шаардык жол башкармалыгына асфальт төшөөчү техниканын, экскаватордун жана жүктөгүчтүн ачкычын тапшырып, аталган мекеменин эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле асфальт төшөлө турган шаардын жолдорун, тротуарларын белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Экскаватор менен асфальт төшөөчү техника 24 млн 210 миң сомго сатып алынган. Анын 70%ы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 30%ы каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми жүктөгүч 5 млн 995 миң сомго жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий