Жалал-Абад шаарынан Баткенге 1 млн сомдук жардам жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынан Баткен облусундагы жабыркаган элге эки жолу гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык мэриянын ыкчам штабы уюштуруу иштерин колго алып, элден гумжардам чогултулду. Жалпы 1 млн сомдук азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн буюмдар, жууркан-төшөк жеткирилди.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаардык мэриясында акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн кутуча ачылган. Учурда кутучага 260 миң сом акча каражаты топтолду.

"Акча каражатынан же азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо мэрияга келсе болот. 03722 2 30 93 номери иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий