Жалал-Абад шаарында 200 орундуу балдар бакчасы ачылды – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн "Мекен деми" балдар бакчасы ачылды.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, өлкө боюнча бардык облус жана шаарларда ушундай балдар бакчасы курулуп жатканын, көпчүлүк бөлүгүндө курулуштар аяктагынын билдирди.

"Бул аракеттер мекен чегинде кызмат кылып жаткан аскер жана атайын кызматтын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн аткарылып жатат", - деди ал.

Ошондой эле балдар бакчасынын жетекчисине унаа белек кылынып, жергиликтүү ишкерлер тарабынан мындан ары да колдоо иштери улантылаары айтылды.

Белгиленгендей, аталган балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.

Пикир

Оставить комментарий