Жалал-Абад шаарында 350 балага акысыз оюн-зоок уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 350 балага акысыз оюн-зоок уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу паркындагы "Данек" муниципалдык оюн-зоок борборунда 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана майыптыгы бар жалпы 350 балага акысыз оюн-зоок уюштурулуп, "Багери", "Двойняшки" жана "Келечек" фирмалары тарабынан таттуулар, суусундуктар берилди.

Иш-чарага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, балдарды майрамы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, балдардын майрамдык иш-чарасын уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 560 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий