Жалал-Абад шаарында 5 күн газ берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 5 күн газ берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Тактап айтканда, эртең, 5-апрель саат 07:00дөн тарта жекшемби, 9-апрель саат 18:00гө чейин шаардын аймагында газ болбойт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, газ шаардан сырткаркы магистралдык жер астындагы газ түтүкчөлөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий