Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 8-9-сентябрь күндөрү саат 08:00 дөн 17:00гө чейин авариялык оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу газ берүү убактылуу өчүрүлөт.
Жалал-Абад мэриясы жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Пикир
Оставить комментарий