• 89.43
  • 97.09
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында Алай көмүрү 6 миң сомдон сатылууда

Аймак 0

Бишкек. 06.12.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү №8 дарегиндеги муниципалдык базарда арзан баадагы көмүр сатуу уланып жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда базарга Ош облусунун Алай районунан сапаттуу көмүр алып келинип, бир тоннасы 6 миң сомдон сатылууда. Бул баа көмүр саткан менчик жайлардан 2-2,5 сомго арзан.

Көмүр элдин суроо-талабына жараша кыш мезгилинде үзгүлтүксүз негизде сатылып турат.

Көмүр саткан жай эртең мененки саат 8:30дан кечки саат 18:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий