Жалал-Абадда “Алтын сертификат” жана “Алтын тамгага” ээ болгон бүтүрүүчүлөр сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2023-2024-окуу жылында “Алтын сертификат” жана “Алтын тамгага» ээ болгон Жалал-Абад шаарынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугуп, ийгиликтери менен куттуктады.

Калаа башчысы бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Шаар мэри бүтүрүүчүлөрдүн ийгилигинде ата-энелердин, мугалимдердин эмгеги эбегейсиз зор экендигин баса белгилеп, билимдүү жаштарды тарбиялоого кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун демилгеси жана шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен эки жылдан бери "Алтын тамга" жана "Алтын сертификатка" ээ болгон бүтүрүүчүлөргө жана алардын мектебине жергиликтүү бюджеттен сыйлыктар тапшырылып келүүдө. Тагыраагы, "Алтын тамга" алган жана ЖРТдан жогору балл алган бүтүрүүчүлөргө 25 миң сомдон, "Алтын сертификат" алгандарга 30 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, алар билим алган мектептер да акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Эске салсак, быйыл Жалал-Абад шаарында 1006 окуучу 11-классты аяктады. Ал эми алардын арасынан 3 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка", 5 бүтүрүүчү "Алтын тамгага" ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий