• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жалал-Абадда "Авто ураган" рейдинин жүрүшүндө 75 унаа айып короого киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында рейддин жүрүшүндө 75 унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББ Жалал-Абад шаарында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында "Авто ураган" аппараттык комплекси менен рейддик иш-чара өткөрүп, эки күн ичинде 119 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Анын ичинен:

- айдоочулук наамынан убактылуу токтотулгандар 46 авто унаа;
- айып пулун өз убагында төлөбөй сотко жөнөтүлгөн 8 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок 9 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 12 айдоочу;
- карама-каршы тилкеге чыгып айдаган 7 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдагандар 5;
- башка жол эрежелерин бузуулар 32 айдоочу.

Белгиленгендей, жалпы 75 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата рейддик иш-чара Ош шаарында да уланат.

Пикир

Оставить комментарий