• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, студенттер жана акысыз медициналык жардам алууга келген жарандар катышты.

Иш-чаранын алкагында жарандардын кан басымын өлчөө, кант диабетинин бар же жок экендигин аныктоо, дарыгерлерден кеңеш алуу сыяктуу кызматтар акысыз көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий