• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Жалал-Абад шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрдын алдында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарада балдар ”Менин өлкөм — Кыргызстан”, “Балдар — тынчтыкты каалашат” деген темада аянтка сүрөт тартуу жана спорттук мелдештерде күч сынашты. Андан соң, “Ариет” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган “Жети улак” аттуу жомогу коюлуп, балдарга концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башсысы Рысбек Калчаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери ата-энелер жана өспүрүмдөр катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков келечек ээлерин майрамы менен куттуктап, жаштарды көбүрөөк билим алууга үгүттөп, «Билимдүү жаштар-өлкө келчеги” экениндигин баса белгиледи.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык мэриясы кечээ, 31-май күнү ата-энесинен ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 300 баланы парктардагы атракциондордо акысыз ойнотуп, шириндиктерди тартуулаган. Ал эми 600гө чукул мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бийлик тарабынан майрамга карата 500 сомдон акча каражаты которуп берилди.

Пикир

Оставить комментарий