• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында үч айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаардык мэриясында коллегия болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынды мэр Эрнисбек Ормоков жетектеп, ага шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэрлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегияда 2021-жылдын үч ай ичинде аткарылган иштер тууралуу отчет берилип, бардык тармактарга коюлган тапшырмалар тууралуу маалымат айтылды. Аны менен бирге санариптешүү, балдардын шашке тамагына байланыштуу маселелер каралды.

Мындан сырткары, мэр тарабынан жаңы дайындалган жетекчилерге өз тармагындагы көрсөткүчтөрдү жакшыртуу талабы коюлду. Белгиленген милдеттерди толук кандуу аткарбаган жетекчилерге чара көрүлө турганы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий