• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Өчпөс от” жандырылды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Күн мурун, 5-майда Москвадагы "Белгисиз жоокердин" эстелигиндеги өчпөс оттун бир бөлүгү Жалал-Абад шаарына алынып келди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, өчпөс отту Бүткүл россиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, театр жана кино актеру Михаил Мамаев, "Элдик фронт" коомдук кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова баштаган коноктор алып келди.

Конокторду Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Жаныш Раимжанов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Андан соң, “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде гүл коюу жана өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү. Өчпөс отту жандырууга Улуу Ата Мекендик согуштагы концлагер туткуну Валентина Симоненко да катышты.

Эске салсак, жыл сайын Улуу Жеңиш майрамын утурлай Жалал-Абад шаарына Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс оттун бир бөлүгүн алып келип, “Өчпөс от” мемориалдык комплексиндеги өчпөс отту жагуу иш-чарасы өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий