• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында эл өкүлдөрү жаңы муниципалдык базардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы жаңы муниципалдык базарга барышты.

Жалал-Абад шаардык кеңешинен билдиришкендей, эл өкүлдөрү базардын иштөө тартибинен кабар алуу менен бирге базардын сыртында курулуп жаткан жеңил курулуштарга нааразы болушту.

Шаардык кеңештен белгилешкендей, эл өкүлдөрү Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчисине 25-февралга чейин соода жайларды буздуруу талабын коюшту.

Белгилей кетсек, Курманбек көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан жаңы муниципалдык базарда миңге жакын соода орундары бар.

Пикир

Оставить комментарий