Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Жалал-Абад шаарында эл жана турак жай фондун каттоо башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шаар аймагында атайын окутуудан өткөн 400дөн ашуун каттоочулар иш алып барууда.
Эскерте кетсек, эл жана турак жай каттоо жараяны 25-марттан 3-апрелге чейин созулат.
Пикир
Оставить комментарий