• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө соода-сатык иштеринде, унаа жуучу жайларда иштеп жаткан өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелерине, камкорчуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө жана коопсуздук чараларын көзөмөлгө алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий