Жалал-Абад шаарында инновациялык IT борбор курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында инновациялык IT борбор курулат. Бул тууралуу Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоковдун Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борборунун жана «IT-RUN» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушууда маалым болду.

Борборду куруу иштери республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдон каржыланат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, Жалал-Абад шаардык мэриясы, Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана «IT-RUN» жоопкерчилиги чектелген коому кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясы IT борбор үчүн жер тилкесин бөлүп, имарат куруп берет. Ал эми «IT-RUN» ЖЧКсы окуу процессин уюштуруп, заманбап технологиялар менен жабдып, ата мекендик жана чет элдик IT тренерлерди тартуу менен окутууларды уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий