Жалал-Абад шаарында көчмөн элдердин достук фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында көчмөн элдердин достук фестивалы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 8-июнда Барпы театрынын алдында уюштурулду. Анда облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын алдындагы "Мөлмөл" эл аспаптар оркестринин коштоосунда улуттук ыр-күүлөр жаңырып, концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.

Фестивалдын негизи максаты - улуттук баалуулуктарды, нарк-насилди, маданиятты, каада-салт, үрп-адаттарды даңазалоо болуп саналат.

Иш-чаранын уюштуруучусу Степан Смиршин фестивалды өткөрүүгө демөөрчүлүк кылган "Tines" компаниясына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, көчмөн элдердин этно-маданиятын жайылтууга салым кошо берээрин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль өлкөнүн бардык район-шаарларында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий