• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абад шаарында кёрлинг боюнча турнир өттү

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы бир катар мектептерде окуучулар арасында спорттун кёрлинг түрү боюнча турнир болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, спорттук иш-чарага Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын вице-президенти Каныбек Маманов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.

Турнирде алдыңкы орунду алган командалар облустук турнирге жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий