Жалал-Абад шаарында коомдук транспорт текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жүргүнчү ташуу агенттиги тарабынан кичи автобустарга рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда айдоочулардын санитардык талаптарды аткарышы, жүргүнчүлөрдү тейлөөсү, транспорттордун каттамга убагында чыгуусу жана кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилди.

Шаар аймагында каттаган кичи автобустардын жалпы саны 300дөн ашат. Алар 15 багытта жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий