• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бала бакча имараты оорукана иретинде пайдаланууга берилип, 120 орунга ылайыкташтырылды. Керектүү жабдыктар менен камсыздалып, шарттар түзүлдү.

Бүгүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жаңы ачылган жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү шарттар менен таанышып чыгышты. Бул бөлүмдү ачууну Нурболот Мирзахмедов демилгелеп, шаардык мэрия колдоого алган. Калаа бийлиги керектүү шарттарды түзүүгө көмөктөштү.

Кошумча ачылган жугуштуу оорулар бөлүмү Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана облустагы башка район-шаарлардан жарандарды кабыл алат. Имарат Курманбек аймактык башкармалыгында жайгашкан. Азырынча облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө орун жетишпестиги жарала элек.

Пикир

Оставить комментарий