• 85.5
  • 92.81
  • 0.89

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликке шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Анын алкагында шаардагы бир топ аймактарда жол жээктери, арыктар тазаланып, бак-дарак отургузулду.

Белгилей кетсек, өлкө башчысынын “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган 3 айлыктын алкагында шаар аймагына көчөттөрдү отургузуу, айлана-чөйрөнү, арыктарды, сел каналдарын тазалоо жумуштары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий