Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.

Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-июлга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында апта сайын ишембилик өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий