Бишкек, 05.08.24. /Кабар/ Ишемби, 3-августа Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.
Пикир
Оставить комментарий