• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында шаар аймагында актап-сырдоо, көчөт тигүү, арыктарды, эс алуу жайларды, аллеяларды, мекеме-ишканалардын айланасын, жол жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоков 26-февралдан 1-июнга чейин үч айлык ишембилик жарыялаган. Анын алкагында ар аптанын ишемби күнү шаардын бардык аймагында тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий