• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, массалык ишембилик “Таза мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругунун негизинде калаа аймагын иретке келтирүү, санитардык абалын жакшыртуу максатында өттү.

Ишембиликке менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, студенттер катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө эс алуу жайлары, шаар көчөлөрү, мекеме-ишканалардын айланасы жана турак жайлардын короолору тазаланды.

Белгилей кетсек, президенттин "Таза мурас" акциясынын жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун 1-сентябрдан 1-декабрга чейин шаарды таштандыдан арылтуу жана көрккө келтирүү максатында жарыялаган үч айлыгынын алкагында шаарда ар апта сайын ишембилик өтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий