Жалал-Абад шаарында мектептердин айланасындагы дүкөндөргө рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептердин айланасындагы дүкөндөргө рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин алкагында мэриянын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан балдар үчүн коркунуч жараткан азыктар текшерилди.

Анда айрым дүкөндөрдө спирттик ичимдиктер, балдарга кооптуу чет өлкөдөн келген продукциялар сатылып жатканы аныкталды. Тийиштүү тармактардан түзүлгөн комиссия жеринде түшүндүрүү иштерин алып барып, сатуучуларга эскертүүлөрдү беришти.

Кошумчалай кетсек, алдыда мындай рейддик иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий