Жалал-Абад шаарында мектептердин жаңы окуу жалына даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-августта Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү адистер менен биргеликте шаардагы меткептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, комиссиялык топтун кыдыруусунда оңдоп-түзөө иштеринде айрым кемчилдиктер орун алганы байкалып, жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Гүлбарчын Таштанбекова шаардагы мектептердин класстык бөлмөлөрү, ашкана, спортзалдары толугу менен акталып-сырдалып, жаңы окуу жылына даяр болуусу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, мектептерди актап-сырдоо, жаңы окуу жылына даярдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 млн 600 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2 млн 500 миң акча каражаты бөлүнүп берилген.

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик жана муниципалдык 20 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий