• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда муниципалдык жерге мыйзамсыз салынган курулуштарды алуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык жерге мыйзамсыз салынган имараттарды, тротуарларга чыгып кеткен курулуштарды аныктоо жана бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын Спутник кичирайонунун Жеңи-Жок көчөсүндөгү ЖАМУнун жатаканасынын көрктөндүрүүгө жана тротуар курууга деп каралган муниципалдык жерге орнотулган тосмолору алынды.

Аталган көчөдө тротуарга чыгып кеткен 10дон ашык курулуш бар. Алдыда алардын баары буздурулуп, ордуна тротуар куруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен буга чейин Ленин көчөсүндөгү автобекеттин жана "Стамбул" кафесинин муниципалдык жерди мыйзамсыз курчап турган тосмолору буздурулган болчу. Алдыда шаардын бардык аймагында мындай иш-аракет улантылат.

Пикир

Оставить комментарий