• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик» аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ЖКнын депутаты Айбек Маткеримов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Буниса Мамадалиева, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

“Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат”,- деген шаар мэри, эалпы эди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара көргөзмө, спорттук оюндар жана концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий