• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аба ырайына байланыштуу пландалган иш-чаранын расмий жана концерттик бөлүгү борбордук аянтта эмес Барпы театрында өткөрүлдү.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.

Мэр жалпы шаардыктарды жана конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, бул күндүн маанисине токтолду.

Иш-чарада сахналаштырылган көрүнүш аркылуу алас айтуу жөрөлгөсү, сүмөлөктүн тарыхы чагылдырылды. Андан соң Арзыбек Бедияров, Бек Борбиев, Айпери Кулбаева, Гүлзина Мамаевалар чыгармаларын тартуулашты. Майрам бийчилердин кыргыз улуттук бийлери, башка улуттардын ыр-бийлери менен да коштолду.

Ага улай Эркиндик аянтында, театрдын ичинде улуттук кол өнөрчүлүк, тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий