• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Жалал-Абад шаарында орус тилин акысыз үйрөтүүчү борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 25-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Славян диаспарасынын имаратында орус тилин үйрөнүү борбору ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Борборду ачуу аземине Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Малика Мустапакулова, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, Славян диаспорасынын өкүлү Виктор Малюженко, жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана мектеп директорлору катышты.

Орус тилин үйрөнүү борбору окуучулардын орус тили боюнча билимин тереңдетүүгө жардам берет. Бул өз кезегинде алардын Россиянын жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга окууга өтүүгө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий