• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абад шаарында Регионалдык олимпиадалык резерв мектеби ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Регионалдык олимпиадалык резерв мектеби ачылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, олимпиадалык резерв мектебинде эл аралык мелдештерде жана Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргой турган жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдоо мерчемделүүдө. Алар грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс, оор атлетика жана башка спорттун түрлөрү боюнча машыгышмакчы.

Жаңы окуу жайында заманбап машыгуу залдары, спорт аянтчалары жана теориялык сабактар үчүн класстар бар. Мындан тышкары, спортчулар үчүн мектептин базасында медициналык кабинеттер уюштурулган.

Мектепте спортчулардын физикалык даярдыгынан тышкары, психологиялык, ошондой эле ден соолук жана туура тамактануу маселелерине да өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий