• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында СПИД илдетине чалдыккандардын саны 389 адамды түзөт

Аймак 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында СПИД илдетине чалдыккандардын жалпы саны 389 адамды түзөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарында СПИДге чалдыккан 3 учур катталган.

“Бул оорудан жапа чеккендерге Жалал-Абад шаардык мэриясы бюджеттен жыл сайын акча каражатын камкордук иретинде бөлөт. Быйыл 232 миң сом бөлүнүп, ушул күнгө карата 175 миңи коротулду. Бул акча СПИД оорусунан жабыркаган энеден төрөлгөн балдарга сүт азыктары үчүн берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-декбарь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү.

Пикир

Оставить комментарий