Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. 10-ноябрь - Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө жана 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын алдында майрамдык иш-чара уюштурулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган майрамдык кече Жалал-Абад шаарынын мэриясы, шаардык маданият сарайы, "Интербилим" коомдук уюму тарабынан уюштурулган.
Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, студенттерди жана жаштарды майрамы менен куттуктап, жаштар - өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин белгиледи.
Майрамдык кече белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт жана кызыктуу оюн-зооктор менен коштолуп, белектер берилди.
Пикир
Оставить комментарий