• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Жалал-Абад шаарында түндө чоңдордун коштоосу жок жүргөн 29 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Түнкү өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Алар түнкү мезгилде ата-энесинин, же жашы жеткен камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларында жүргөн өспүрүмдөр текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 29 бала ата-энесинин жана жакындарынын кароосу жок, көчөдө, сейил бактарда жүргөнү аныкталып, шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келиндин. Алардын жакындары чакыртылып, айып пул салынды.

Аталган рейддин максаты өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий