• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Жалал-Абад шаарында тазалыкты сактабаган жашоочуларга айып салуу сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында көп кабаттуу үйлөрдүн, жер үйлөрдүн айланасын таза кармоо, тазалыкты сактабаган жарандарга чара көрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга мэриянын уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова, шаардагы аймактык башкармалыктардын башчылары, кондоминиумдардын төрайымдары катышты.

Жыйында кондоминиумдардын төрайымдары тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үйлөрдүн айланасын тазалоо үчүн уюштурулган ишембиликке чыкпай жатканын айтышып, тазалыкты сактабаган, ишембиликке чыкпаган жашоочуларга айыппул салып же тартиптик жаза колдонууну сунушташты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 222 көп кабаттуу үй бар. Алар менен иш алып баруу үчүн 81 кондоминиум уюшулган.

Пикир

Оставить комментарий