• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаарында тазалыкты сактоо боюнча эскертме кагаздары таратылууда

Аймак 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында тазалыкты сактоо боюнча эскертме кагаздары таратылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын Курманбек аймактык башкармалыгында жергиликтүү жашоочуларга жана ишкерлерге эскертме кагаздары таратылып, тазалык мекемеси менен келишими жокторго келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мэриядан белгилешкендей, эскертме кагазында менчик ээлери имараттардын айланасын 20 метрге чейин тазалоосу, көрктөндүрүүсү керектиги белгиленген. Ошондой эле тазалыкты сактабагандарга Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде мыйзам чегинде чара көрүлөрү да эскертилген.

Пикир

Оставить комментарий