Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Күн мурун, 5-мартта, Жалал-Абад шаарында массалык ишембик өттү, - деп кабарлайт Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аАга менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары, активдүү жаштар катышты. Ишембиликтин алкагында шаардагы парктар, аллеялар, тротуарлар, арыктар, мекеме-ишканалардын короолору тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалды.
Ишембиликте 110 куб таштанды жыйналып, "Жалал-Абад Тазалык" мекемеси, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан таштанды полигонуна чыгарылды.
Пикир
Оставить комментарий