• 87
  • 90.64
  • 0.85

Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери, укук коргоо органдары, эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары катышты.

Анда 4 маселе каралды:

1) Жалал- Абад шаарынын аймагында мыйзамсыз курулган курулуштар.

2) Жалал-Абад шаарынын аймагында билим берүү бөлүмүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер.

3) Жалал-Абад шаарынын аймагында экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер.

4) Жалал-Абад шаарынын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча аткарылган иш-аракеттер.

Жыйында Жалал-Абад регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Байжигитов шаардагы мыйзамсыз курулуштар, кызыл сызыкка чыгып кеткен объектилер боюнча жеринде тиешелүү адистер менен жумуштар аткарылганы боюнча баяндама жасады.

Ал эми шаардагы билим берүү мекемелеринде коррупцияга каршы күрөш тынымсыз жүргүзүлүп, окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар аткарылгандыгы тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан белгиленди.

Мындан сырткары, шаар аймагында экстремизмге, терроризмге каршы аракеттер көрүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баяндамачылар тарабынан жасалган докладдар канчалык деңгээлде ишке ашып жаткандыгы туурасында жетекчилердин аткарган ишине карап баа бериле тургандыгын баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга мектеп окуучуларына көзөмөлдү күчөтүү менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий