Жалал-Абад шаарында өзгөчө абалдын эрежелери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн таң эрте күч түзүмдөрүнөн, шаардык мэриядан, элдик кошуундан түзүлгөн топ чогулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Анда калаа башчысы Мураталы Тагаев, Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков өзгөчө абалдын күчөтүлгөнүн айтып, тийиштүү кызматтарды элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырышты.

Андан соң 4 топко бөлүнгөн тийиштүү кызматтар калаа аймагында рейд өткөрүштү. Көчөдө жүргөн ар бир унаа токтотулуп, уруксат кагазы жок жүргөндөр айып короосуна токтотулду. Ал эми себепсиз жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйдөн чыкпоосу эскертилди.

Беткапсыз сыртка чыккандарга айып пулдар салынууда. Азык-түлүккө же ооруканага бара жаткандар болсо маршруттук баракча толтуруу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий