• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жалал-Абад шаарында өзгөчө жеткинчектер үчүн бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өзгөчө жеткинчектер үчүн бала бакча ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Альфа кидс” деп аталган инклюзивдүү нейрокоррекциялык бала бакчанын ишмердүүлүгү менен Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жеринде таанышты.

Аталаган бала бакчада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат. Бул жердин тарбиялануучулары комплекстүү нейрокоррекциялык ыкмаларды, аба терапиясын, арт-терапиясын, логопед-дефектологдун жардамын алып, сенсордук машыгуулардан өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча алгачкы ирет ачылды.

“Альфа кидс” бала бакчасы шаардагы үй тибиндеги жеке менчик бала бакчалардын бири.

Пикир

Оставить комментарий