Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Т.Байзаков атындагы парктын аймагында жаңы курулган муниципалдык кинотеатр пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кинотеатрдын ачылуу аземине калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаардык кеңештин депутаттары, “Galaxy Cinema” компаниясынын жетекчиси Курманбек Бегалиев жана шаар тургундары катышты.
Эрнисбек Ормоков өлкөбүздүн эгемендүүлүк тарыхында Жалал-Абад шаарында алгачкы ирет заманбап, көрүүчүлөргө бардык ыңгайлуу шарттары каралган муниципалдык кинотеатр курулгандыгын баса белгилеп, кинотеатр Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде “Galaxy Cinema” компаниясына ижарага берилгенин кошумчалады. Ошондой эле кинотеатрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, ийгиликтерди каалады.
Иш-чара концерттик программа жана кызыктуу оюн-зооктор менен уланып, катышуучуларга белектер берилди.
Белгилей кетсек, кинотеатрдын курулушуна жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 54 млн сом жумшалган. Ал эми Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде кинотеатрды ишке киргизген “Galaxy Сinema” компаниясы 34 млн сом инвестиция салган. Бул каражатка кино көрсөтүүгө керектүү техникалык каражаттар сатып алынып, көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий