Жалал-Абад шаарында жаңы парк курулууда

Аймак 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы парк курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган парк мурдагы экопарктын ордуна салынып, анын жалпы аянты 8,16 гектарды түзөт.

Паркта коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол тенниси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле, спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары болот.

Аталган парк Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен курулууда.

Пикир

Оставить комментарий