Бишкек, 26.04.24./Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Жаштар жана коопсуздук" республикалык форуму өттү.
Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышты.
Форумда жаштардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, диний негиздеги чыр-чатактардын, басмырлоонун, экстремизмдин, терроризмдин, эрте никеге туруунун жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу багытында докладдар окулду.
Ошондой эле, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын маанилүүлүгү белгиленип, жарандарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.
Пикир
Оставить комментарий