• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында “Зомбулуксуз жашоо, менин үй-бүлөм!” аталышында сынак өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 гимназия-мектебинде “Зомбулуксуз жашоо, менин үй-бүлөм!” аталышындагы мектептер арасында сынак өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка 19 мектептен бирден окуучу ата-энеси менен катышып, спорттук мелдеште күч сынашып, бала менен үй-бүлөдөгү мамиле тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунга Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясынын “Биримдик” командасы, 2-орунга Манас 1000 атындагы №18 орто мектебинин “Ынтымак” командасы, 3-орунга К.Закиров атындагы №2 орто мектебинин “Достук” командасы ээ болушту. Алдыңкы орундарды алган командаларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынак Жалал-Абад шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмү жана облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий